Эркин сүйлөшүңүз

Башкача жол менен баарлашыңыз. Купуялыкка басым жасаган бардык керектүү функциялар бар.


99chat'ды орнотуу

Эмне үчүн 99chat?

99chat - жөнөкөй, күчтүү жана коопсуз баарлашуу куралы

Коопсуз шартта баарлашыңыз

Сүйлөшүүлөрүңүздүн купуялыгын камсыз кылуу үчүн 99chat баштапкы коду ачык протоколго негизделген заманбап баштан-аяк шифрлөө ыкмасын колдонот. Жазышканыңар же чалышканыңар эч кимге көрүнбөйт да, угулбайт. Жада калса, бизге дагы. Купуялык — кошумча режим эмес, 99chat кызматынын иштөө принциби. Ар бир билдирүү, ар бир чалуу, ар убакта корголот.

Каалагандай форматта сүйлөшөсүз

Текст түрүндө, үн менен, сүрөттөр, видеолор жана башка файлдар аркылуу акысыз баарлашыңыз. 99chat мобилдик Интернетти колдонгондуктан, SMS жана MMS үчүн акы төлөбөйсүз.

Эркин сүйлөшүңүз

Башка шаардагы же океандын аркы жагындагы адамдар менен аудио жана видео режиминде дапдаана сүйлөшө аласыңар. Эл аралык байланыш үчүн акы төлөбөйсүз.

Жеке стикерлер

Оюңуздагы нерсени шифрленген стикерлер менен таасын жеткире аласыз. Өзүңүздүн жеке стикерлериңизди түзүп алсаңыз болот.

Топторго биригиңиз

Үй-бүлөңүз, досторуңуз жана кесиптештериңиз менен топтошуп алып сүйлөшсөңүз болот.

Эч кандай жарнама жок. Эч ким көз салбайт. Тамашасы жок.

99chat'да жарнамалар жана өнөктөш соодагерлер жок. Эч ким көз салбайт. Андыктан жакындарыңыз менен баалуу нерселериңизди коркпой эле бөлүшө бериңиз.

Баарына акысыз

99chat — көз карандысыз коммерциялык долбоор. Бир дагы техникалык компанияларга байланган эмеспиз. Долбоор сиздей болгон адамдардын салымдарынын эсебинен жашайт.

99chat'га колдоо көрсөтүү